Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

УЛАН-БАТОРДОГУ КАНДУУ ТОПОЛОҢ


Улан-Батордо өткөн түнү полиция менен оппозиция тарапкерлери ортосундагы кагылышта беш киши набыт болду, эки жүздөн ашуун адам жабыркады. Шаарга кошумча аскер бөлүктөрү киргизилди. Кырдаалды көзөмөлдөө жана чукул абал режимин сактоо милдети оперативдүү штабга жүктөлдү. Президент Намбарын Энхбаяр жекшемби күнкү шайлоодо каталыктар кетирилгенин моюнга алып, калкты сабырдуу болууга чакырды.

Ички иштер жана юстиция министри шаршемби күнү эрте менен өткөргөн маалымат жыйынында ырастагандай, эки кишиге ок тийди, калган үчөө кандай себептен мерт болгону такталууда. Кара тополоң кагылышта баары болуп 220 киши жабыркады, алардын жүзгө жакыны полиция кызматкерлери. Отуздан ашуун киши ооруканага жаткырылды. Жыйырмадай,башка бир маалыматтарга ылайык, жетимиштей адам кармалды.

Министр аламан топтун арасында мас адамдар көп болгонун,тополоңду токтоткону полиция желим ок, жаш агызма газ колдонгонун маалымдады. “Чукул режим абалын сактаганы зарылдык туулса полиция күч колдонот”,- деп эскертти министр.

Улан-Батордо коомдук транспорттон башка бардык автомашиналардын кыймылы токтотулду, ар кандай жыйындарды өткөргөнгө тыюу салынды.Менчик телеканалдар, радиостанциялар жабылды,жалгыз гана мамлекеттик телекомпания ишин улантууда.

Тополоң дүйшөмбү күнү – парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган соң тутанды. Ырасмий маалыматтарга ылайык, элдик улуу Хуралдагы 75 мандаттын 45ин бийликтеги элдик революциялык (мурдагы коммунисттик) партия утуп алды,оппозиция - демократиялык партия 26 орун алды. Эл аралык байкоочулар шайлоону адилет жана эркин болду деп баалашкан эле.

Бирок оппозиция добуштар одоно бурмаланды деп эсептеп, дүйшөмбү күнү алты миңдей тарапкерин борбордук аянтка алып чыкты. Президент эртеси чукул абал киргизди, буга карабай шаршембиге караган түнү аламан топ башкаруучу партиянын баш кеңсесине жапырык жасап, ага жакын мамлекеттик мекемелерди талкалап, айрымдарын өрттөп жиберди. “Буга чейин мындай шайлоону дегеле көргөн эмеспиз. Бурмалоо деген бу жолу бардык чегинен ашып кетти”, - деп айтты митингге келгендердин бири.

“Азаттыктын” кабарчысы Улан-Батордогу соңку жагдайды сурап UNICEFтин Монголиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бертранд Десмулинске телефон чалып кайрылды эле, ал шаар тынч экенин маалымдады. “Баарын азыр армия көзөмөлдөп турат, шаардын борбордук бөлүгү туш-туштан тосулуп, кыймыл жок. Бүгүн өзгөчө кулак-мурун кескендей жымжырт”,- деп билдирди UNICEFтин өкүлү.

XS
SM
MD
LG