Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

ПРЕЗИДЕНТ КӨЛДҮ КЫДЫРДЫ, КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛЕБИ?


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Президент Курманбек Бакиевдин Ысык-Көл облусунда эки күндүк иш сапары аяктады. Анда Аксуу жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык, айыл чарба, өндүрүш маселелери талкууланып, кымбатчылыктын алдын алуу чаралары айтылды.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Аксуу районундагы 1700 чакты ири мүйүздүү мал, 2 миңден ашык кой, 264 чамалуу жылкы асыраган “Заря” кооперативи менен таанышканда айрыкча сүттүн наркына кызыкты. Кооператив башчысы Иван Черныш ортомчулар келип сүттү 7 сом 50 тыйындан алып атканын айтканда, дыйкандын өндүргөн эмгегин актагыдай болсун деп облус жетекчилигине буйурду. Ага жооп катары губернатор Кыдыкбек Исаев, Кара-Кол шаарына курак сүт чыгарчу завод куруп атышканын айтып, көлдүктөр уйунун сүтүн ортомчуларга 2 сомдон 5 сомго чейин араң өткөрүп калганда, Казакстандын “Вита” компаниясына 13 сомдон өткөртүп, уйдун, малдын баркын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Курманбек Бакиевге дыйкандар күйүүчү майдын кымбаттаганына кабатырланганын билдирди эле, президент анын алдын алууга мамлекет кам көрүп атканын маалымдады:

- Мындай туугандар. Өзүңүздөр билесиздер, солярканы бир гана Жалал-Абатта нефтеперегонный завод бар, эми азыр Орусиянын “Газпрому” менен келишим түзүп, аларды Кыргызстандын кайсы жеринде нефтегаз бар болсо, ошону өздөштүргөнгө чакырып атабыз. Жок дегенде баасын асманга чыгарбай, өзүбүздөн чыкса, өзүбүз иштетсек арзаныраак болот деп.

Курманбек Бакиев кургакчылыктан аз түшүм алган дыйкандарды да жооткотуп, мамлекеттик сактоо кампасындагы арбын буудай жана башка азык-түлүктөр менен баалардын мындан кийинки өсүшүнө чек коюларын кошумчалады. Президент Ак-Суудагы балдар үйүндө болгон жолугушууда 5 компьютерди жабдыктары менен берип, өзү дагы көп балалуу үйбүлөдө, кандай тартип менен чоңойгонун айтып берди.

Курманбек Бакиевдин Ысык-Көлдө экинчи күнкү 11-июлдагы иш сапары Жети-Өгүз районунан башталып, Дархан айылындагы 240 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты. Андан кийин райондун стадионунда эл менен жолукканда, облустагы өндүрүш тармагынын начардыгын белгиледи:

- Кайра иштетүү жана тамак-аш өнөр жайынын солгундап кеткени бизди тынчсыздандырат. Мен дайыма кайра иштетүү тармагына көбүрөөк көңүл бургула, ушул тармак аркылуу киреше көбөйөт деп айтып келемин.

Эки күндүк бул иш-чара, бир караган кишиге президент менен эмес, “Ак жол” партиясынын гана лидери менен жолугушуу өткөндөй таасир бергенин дагы билдиргендер болду. Анткени, кайсы жерде болбосун балдары дагы, чоңдору дагы “Ак жол” партиясынын желеги, көрнөктөрү менен тосуп чыкты. Ал тургай Ак-Суу районундагы аялдардын реабилитациялык борбору “Ак жол” деп саймаланган туш кийизин дагы белекке бергенге чейин үлгүрдү. Ал эми жолугушууга чакырылбагандар, укук коргоо органдарынын үстөмдүгүнө нааразылыгын айтышты. Жети-Өгүздүк Калыйбүбү Бетеева мындай деди:

- Келгенде эмне, жасалма бүт эле. Келери менен жол тазалап, уктабай келишти. Эл-журттун камын ойлош керек, элге жардамы тийип, кең пейил адам болуш керек. Катыштырып, ортого туруш керек болчу да сүйлөп.

Облус боюнча стадионго чогулган үч жүздөй кишинин бири дагы президентке суроо бере алган жок. Анткени, ошондой тартип киргизилген. Президент Бакиев эл менен коштошуп чыгып баратканда, балдакчан ардагерлерден жаштарга чейин алдын тороп, сүйлөшүүгө үлгүрдү. Көлдүктөр бул жолугушуудагы дагы бир чоң кемчилик катары, Айыл чарба министринин келбегенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG