Ушул тапта Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги маалымат технологиялар жаатындагы жогорку билимдүү адистердин Жапонияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт. Министрликтин маалыматы боюнча, Жапония кыргыз жана жапон тилин билген жогоркуу билимдүү кадрларга кызыкдар. Эгерде Кыргызстан “IT-адистер үчүн азиялык стандарттар” программасына кирчү болсо, анда кыргызстандык адистер Азия мамлекеттеринде оңой эле иш таба алат. Аталган программанын алкагында берилген сертификаттар адистерге дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде компьютердик технологиялар жаатында иштөөгө мүмкүндүк берет. (AiJu)