Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ооган президенти Хамид Карзай Индияга иш сапары менен барды


Бүгүн Делиде ооган президенти Хамид Карзай менен Индия премьер- министри Манмохан Сингхтын жолугушуусу өтөөрү күтүлүүдө. Хамид Карзай Индияга иш сапары менен бул өлкөнүн Кабулдагы элчилигиндегы жардыруудан бир нече апта гана өткөн соң келди. Анда 58 адам каза тапкан эле. Ооганстан менен Индия бул жардыруунун артында турганы үчүн Пакистандын чалгын кызматтарын айыпташкан. Пакистандын демөөрчүлгү астындагы кыянатчылыктарды токтотууга Индия да Ооганстан да кызыкдар жана бул балким бүгүнкү жолугушууда талкууланчы башкы маселе болот. Кечээ Индияга келер алдында Хамид Карзай Пакистандын премьер- министри Юсуф Раза Гилани менен да кездешти. Маалыматтарга караганда, алар согушкерлердин чек арадан ары-бери өтүп кол салуусун токтотуу боюнча аракеттерин координациялоону макулдашты.

XS
SM
MD
LG