Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

15:15 Кыргызстандагы күч структуралары АКШдан эч кандай инструкторлор келбегендигин маалымдашууда


Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” жакын арада эч кандай окутуп-үйрөтүү иштери жүргүзүлбөй тургандыгын маалымдашты. Ушундай эле маалыматты Улуттук гвардиянын жана чегара кызматынын басма сөз кызматтары да кабарлашты. Ал эми баңзаттарга каршы күрөшүү агенттиги жакында аларга америкалык аскердик инструкторлор келгендигин кабарлап, бирок алар курал-жараксыз болгондугун маалымдады. Аталган агенттиктин жетекчиси Алымбай Султанов "Азаттыкка" аларга келген инструкторлор Кыргызстандын курал-жарактары менен үйрөтөрүн айтып, мындан тышкары алар окутуу иштерин агенттиктин кеңсесинде жүргүзүп жатышкандыгын бекемдеди.
АКШ жарандарына таандык делген курал-жаракка байланыштуу Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик агенттиги эч кандай пикирин билдире элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG