Буга байланыштуу өткөн иш-чарага 45 миң адам жана Жапониянын премьер-министри Ясуо Фукуда катышууда. Мындан туура 63 жыл мурун, 1945-жылы ушул күнү АКШ таштаган өзөктүк бомбадан 140 миң адам дароо мерт кеткен жана он миңдеген киши жарадар болгон. Жапония экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгендигин 15-августта жарыялаган.
Зейнеп Мартбек кызы, Прага
Зейнеп Мартбек кызы, Прага