Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Д.Медведев: Орусиянын Түштүк Осетиядагы аскердик өнөктүгү соңуна чыгып калды


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев орусиялык жоокерлердин Түштүк Осетиядагы аскердик өнөктүгү соңуна чыгып калганын билдирди. Интерфакс маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Түштүк Осетиянын борбору Цхинвали толугу менен Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Орусиянын жалпы аскердик штабынын жетекчисинин орун басары, генерал-полковник Анатолий Новогицындын кабарчыларга маалымдашынча, орусиялык күчтөр Түштүк Осетиянын сыртындагы Грузиянын аймактарында аскердик аракеттерин улантпайт. Тбилисиде грузин президенти Михаил Саакашвили болсо орус бийлиги анын өкмөтүн алмаштыруу жана Кавказ боюнча кеткен отун-кубат жолун көзөмөлдөө максатын көздөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG