Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

16:50 Жаза өтөп жаткандардын колунан каза тапкан кичи лейтенант Дуулатбек Аденовдун ишке киришкенине 1,5 ай гана болгон


Ал эми түрмө башчысынын жардамчысы, милициянын майору Сапарбек Жуматаев саналуу жылдардан кийин пенсияга чыкмак. Бул тууралуу билдирген адилет министринин орун басары Сергей Зубов №16 күчөтүлгөн түзөтүү жайында болгон баш-аламандык мурдатан максатталган, деген божомолдорду четке какты. Анын айтуусунда мунун негизги себеби алкоголдук ичимдик ичүү менен атайылап, адам өмүрүнө залал келтирүү гана болуусу ыктымал. Министрдин орун басары бир нече жазалануучулар тарабынан уюштурулган баш-аламандыктын нагыз себептери Башкы прокуратуранын иликтөөсүндө ачыкталарын кошумчалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG