Грузиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Александр Ломаянын айтымында, Тбилиси беш орус аскерин, анын ичинде эки учкучту, ал эми орус тарап 15 грузинди өткөрүп бергенин билдирди. Өткөн аптада Орусия менен Грузия куралдуу кагылышты токтотуу жөнүндө келишимге кол коюп, Орусия 18-августтан тартып куралдуу күчтөрүн согуш башталганга чейинки позицияга алып кетүүгө убада кылган, бирок жеринен алынган кабарларга караганда, азырынча орусиялык аскерлердин чыгарыла баштаганынын эч бир белгиси жок.