Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

12:48 Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын токтотпойт


Бул тууралуу Кадырбековду коргоо комитетинин жетекчилеринин бири Асыл Жаманова бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алар мындай кадамга Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүнө бийлик тараптан жооп болбогондуктан барды. Азыркы учурда Нарында 5 киши ачкачылык акциясын улантууда. Алардын негизги талабы Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү. Финансы полициясы курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбековго каршы кылмыш-жаза кодексинин 203 беренесинин 2 бөлүгү боюнча айып коюп, аны 26-апрелде камакка алган. Азыркы кезде Кадырбеков №1 убактылуу тергөө абагында жалгыз камерада отурат. Расмий бийлик Кадырбеков кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн камалган деп, ага мындай чара көрүүдө саясат жок экенин билдирүүдө. Ал эми Кадырбековдун тарапкерлери тескерисинче белгилүү саясатчыга мындай катаал чара көрүлүш себебинде саясий мотив бар экенин билдирүүдө. Кадырбековдун тарапкерлери ачкачылык акциясын 14-августан бери кармоодо. Алгач акцияны 8 киши баштаган. Алардын экөөсү абалы начарлап ооруканага түшкөн.(AiT)

XS
SM
MD
LG