Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:45

19:35 Жалалабат облусундагы жаңгак уюлдарын уурдоого уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү катышып жатабы?


Сузак районунда 5 жылга соттолгон киши дарыгерлердин аныктамасы менен абактан бошотулган. Жаңгак уюлуна кол салган ал адам токойчуларды коркутуп-уркутуп, кайрале уурулугун уланткан.Губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов баяндагандай,уч жылда облуста 640 уюл кыйылган.Токой дарактарын жана жаңгак уюлдарын мыйзамсыз кесуу өнөкөттөрү дагы эле уланууда. Ага байланыштуу быйыл козголгон 15 кылмыш иштин 3 сотко жиберилген, калганы тергөөдө.Кармалгандардын көбүнүн иши сотко жетпейт, сотко ашканы жеңил жаза менен кутулат. 2007-2008-жылдары уюл казган болжолдуу 280 адамдын 12си кармалган. Жаңгак дарактарын кыйган копчулук адамдардын иши аягына чыгарылбай,токтотулган, деди губернатордун орун басары.(YA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG