Кырсыктын кесепетин жоюуга антитеррордук күчтөрдүн (мурдагы Ганси атындагы) аба базасынын куткаруучулары да жардамдашууда. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, кулаган учакта кыргызстандык футболчулар болгон. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Азаттыкка” адегенде учакта 123 адам болгондугу тууралуу маалымат берген.
Кырсык болгон жерге барган премьер-министр Игорь Чудинов кыйраган учакта 51 чет элдик жаран, анын ичинде Иран, Кытай, Турция жана Канаданын жарандары болгонун билдирди. Айрым маалыматтар боюнча, учактагылардын арасында шаардык депутаттар да болгон.
Эң соңку такталган маалыматтарды Президенттин мамлекеттик кенешчиси Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, учактын ичинде баардыгы 90 адам, анын ичинде 83 жүргүнчү, 6 экипаждын мүчөсү, жарандык авиация департаментинин бир кызматкери болгон. Алардын 50 чактысы Ирандын жарандары экен, ал эми эки киши Канаданын, үч киши Казакстандын, ошондой эле Кытайдын, Түркиянын да жарандары болгон. Ал эми 24 киши - кыргызстандыктар.
Т.Мамытовдун маалыматы боюнча, 15-17 адам тирүү калды. "Бул теракт эмес, - деди ал, - алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка учактын кыймылдаткычы бузулганы себеп болгон".
Бишкектеги № 4 оорукананын башкы дарыгери Рамис Үсөнбековдун “Азаттыктын” кабарчысы Аман Жапаровго берген маалыматы боюнча, ооруканага кырсыктаган учактын 17 жүргүнчүсү жеткирилген. “Алардын үчөөнүн абалы өтө оор, алар реанимацияда жатат. Дагы үч кишинин абалы жакшы эле экен, алар биринчи жардамды алган соң үйлөрүнө кетишти”, - деди Р.Үсөнбеков.
Ал эми Бишкектеги "Тез жардам" борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекованын “Азаттыктын” кабарчысына берген маалыматына караганда, “тез жардам” аркылуу Бишкектеги № 4 ооруканага 11, ал эми Улуттук госпиталга бир жүргүнчү жеткирилген.
Даярдаган Кубат Оторбаев, Бишкек
Сүрөттө: Учактын кырсыкка учурап кулап түшкөнүн биринчи көргөн күбөлөрдүн бири Кенжебек окуя кандай болгонун кабарчыларга айтып берип жатат.