Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

05:06 Авиакырсык боюнча өкмөттүк комиссия эртең менен сегизде чогулат


Авиакырсык боюнча өкмөттүк комиссия эртең мененки сегизде чогулат
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, премьер министр Игорь Чудинов акыркы жагдай боюнча маалыматтарды угуп, комиссиянын мындан аркы аракеттерин аныктайт. Кечээ кечки саат тогуз чамасында Бишкек-Тегеран багытындагы Боинг-737 учагы кырсыкка учурады. “Манас” аба майданынын жанындагы Жаңы-Жер аймагында болгон бул кырсыкта учактагы 90 кишинин 22си гана аман калды. Бул тууралуу түндө расмий кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кырсыкта мерт болгондордун сөөктөрү түн жарымынан кийин жыйналып бүттү. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытовдун түн оогондон кийин билдиргенине караганда, ИТЭК-ЭЙР авиакомпаниясына таандык бул учактын кыйроо себептери аныктала элек, бирок, техникалык бузулууга көбүрөөк окшоп турат. Аталган учак Иранга учаардан эки саат мурун жүргүнчүлөрдү Москвадан Бишкекке алып келген. (BuS)

XS
SM
MD
LG