Кечээки авиакырсыктын себептерин иликтөө боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны премьер-министр Игорь Чудинов жетектөөдө. Бул комиссия кырсыктын себептерин иликтөөгө киришкенин өкмөт башчы бүгүн эртең менен президенттин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Анын айтымында, учактагы “кара кутулар” азыр прокуратурада. (SM)