Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

ЫСЫК-КӨЛДӨ БЫЙЫЛ ТУРИСТ АЗ, САЛЫК ЖЫЙНОО 2-3 МЛН. СОМГО КӨП


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу аяктап баратат. Адистердин ырастаганына караганда, быйыл туристтер аз келген менен, салык жыйноо өткөн жылдан 2-3 млн. сомго көп чогулат. Ысык-Көл райондук администрациясындагы туристтик жайлар менен иштөө ассоциациясынын жетекчиси Таалай Ороков көпчүлүк пансионаттар быйыл мыйзамга баш ийип иштегенин билдирди. Ошол эле учурда жеке сектордо эс алуучуларды талапка ылайык тейлөө болбой жаткандыгын ал жашырган жок.

“Азаттык”: - Эс алуу сезону аяктап баратат. Көлдүн күңгөй тарабындагы эс алуу жайлардын канчасы, эмне себептен иштеген жок?

Бардыгы 161 эс алуу жайы катталган. Анын ичинен 21эс алуу жайы талапка жооп бербегендиктен, курулуш иштери жүрүп аткандыктан быйыл иштеген жок.

“Азаттык”: - Буга чейин эч кимди тоготпой мыйзамсыз иштеп келаткан “Насип- Нур” эс алуу жайын , ошондой эле электр энергиясына карыз пансионаттарды теске салуу мүмкүн болдубу?

“Насип-Нур” пансионатынын курулуш иштеринин документациялары жок, мыйзам бузган деген сөздөр көп айтылчу. Директордун өзү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин быйылкы жылы тартип бузуучулукка барышкан жок. Көп суммада карыз болгондугу үчүн “Голубая бухта” пансионатындагы электр жаоыгы өчүрүлгөн, натыйжада быйыл иштеген жок.

“Азаттык”: - Жеке сектордо эс алуучуларга 10 миң орун берилди деген маалымат бар Тамчы айылында күнүнө 3 миңдей киши эс ала алат экен, бирок бир да үйдө кир суу тазалоо системасы курулган жок, себеби эмнеде?

Чынында Тамчы айылында кир сууларды тазалоочу жай курулган эмес. Бул системаларды курууга аябай көп акча каражат талап кылынат экен. Жергиликтүү эл ал суммадагы акчаны чогултуп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок болуп атат.

“Азаттык”: - Быйыл көлгө эс алуучу аз келди делип атат, салык жагы канда болчудай?

Аз келгендиги байкалды. Көл жээгине күнүнө 22 миң адам келип эс ала алат. Быйылкы эс алуучулар былтыркы жылга салыштырганда 65 пайызын түздү деп эсептеп атабыз. Бүгүнкү күнгө жети айдын жыйынтыгы боюнча 62 млн. 549 миң сом салык жыйналды. 107 млн. 916 миң сом салык түшөт деп күтүп жатабыз. Былтыркы жылы болсо 104 млн. 900 миң сом салык түшкөн.

“Азаттык”: - Эс алуу мезгили качан бүтөт?

Сентябрдын 10-15терине чейин сезон аяктайт го деп атабыз.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG