Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Ооганстандын беш миллион тургуну азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал


Ушул жылы кышында Ооганстандын беш миллион тургуну азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал. Бул тууралуу Британиядагы Оксфам эл аралык кайрымдуулук уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Уюмдун маалыматына ылайык, буга кургакчылык, азык-түлүккө баанын кескин жогорулашы жана саясий туруксуздук себеп болууда. Ооганстандагы ачарчылык менен күрөшүү үчүн бери дегенде 400 миллион доллар талап кылынат, бирок эл аралык донорлор бул акча каражатынын бештен бир бөлүгүн гана убада кылышкан, деп билдиришти кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG