Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

МЕЛИС ТУРГАНБАЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Карапайым адамдар жана күч органдарынын ортосундагы мамиле дайыма кайчы пикирлерди жаратып келген. Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Мелис Турганбаевге Айнагүл Сыргатаева деген айымдын жазган арызы боюнча кылмыш иш козголгону белгилүү. Ал мени Мелис Турганбаев уруп-сабады деген доомат менен Башкы прокуратурага кайрылган. Бирок Мелис Турганбаевдин өзү ал дооматты төгүндөп, муну атайын уюштурулган жалган жалаа деп эсептеп жатат.

“Азаттык” радиосуна Айнагүл Сыргатаева деген айым кайрылды. Анын берген интервьюсуна караганда аны ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Мелис Турганбаев уруп сабаган. Бул окуя тууралуу анын өзү мындай дейт:

- Менин бир таанышым телефон чалып: “бош убактың болсо бир жерге барып отуруп келели” деди. Макул деп, мен бардым. Аябай спирттик ичимдиктер ичилди. Мелис деген ичип, мага тийишти. Мени отурган жеримден бир койду. Столдон жыгылып түштүм. Ошол жерден тепкиледи.
Анын айтымында, Мелис Турганбаев ичимдик ичип алып, кызды көпчүлүктүн көзүнчө уят сөздөр менен сөгүп, “өлтүрүп туруп ыргытып жибергиле, мен жооп берем” деп кыйкырган”.

- “Мени машинага салып алып кетип баратканда Турганбаев: “бул кызды өлтүрүп. ыргытып жибергиле, өзүм жооп берем” деп кыйкырды, - деп сөзүн уланды ал.

Айнагүлдүн бул айткандарын текшерүү максатында анын мындай дооматтарын эфирге чыгарбай туруп, “Азаттык” бул окуянын чын-төгүнүн тактоо үчүн ички иштер министрлигине телефон чалды. Мелис Турганбаевдин өзү “бул мага жалган жалаа жабуу үчүн атайын уюштурулган окуя” деп билдирди. Анын маалыматы боюнча Айнагүл Сыргатаеванын өзү уюшуп киши сатуу кылмышы менен кармалып, соттолгон. Анын соттолгону тууралуу кагазды көргөзгөн Мелис Турганбаев микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тартып, “арызданган аялга теңелгим келбейт” деп түшүндүрдү.

Айнагүл Сыргатаеванын арызынын негизинде “Трибуна” гезити материал даярдап, жарыялады. Ошондон көп өтпөй эле 26-августта Мелис Турганбаев президент К.Бакиевдин жарлыгы менен кызматынан бошоп, Маңзаттарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттикке директор болуп дайындалган. Бирок Мелис Турганбаев ал жерде бир күн иштегенден кийин өз каалоосу менен арыз жазып, анда М.Турганбаев президентке мындай ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирген жана анын саясатын дайыма колдоп келгенин, мындан ары да колдой берерин билдирген.

Ошондой эле М.Турганбаев өз арызында ага карата кылмыш иши козголуп калган чакта аталган агенттиктин директору болуп иштеп туруу менен Президенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, ага каршы козголгон кылмыш ишин мамлекет башчысына каршы пайдаланууга жол бербестигин билдирген.

Ошентип, Башкы прокуратура тарабынан Мелис Турганбаевге кылмыш иш козголуп, учурда тергелип жатканы белгилүү болду. Бул маалымат боюнча Башкы прокуратурага кайрылганыбызда атын атагысы келбеген кызматкер тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бул кылмыш иши боюнча ак же кара деп маалымат берүү туура эмес деп билдирди:

- Тергөөнүн жыйынтыгы чыкмайынча бизде ички тартип бар, сыртка эч нерсе деп айта албайбыз. Тартип ошондой, ошол тартипти бузбайын деген ой менен айтып жатам.

Прокуратура кызматкеринин билдиргенине караганда Турганбаевдин үстүнөн Сыргатаеванын арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө канчага чейин созулат – ал белгисиз.

Бул уктурууну эфирге даярдап жатканда Мелис Турганбаевдин өзүнө жолугуу аракетибиз дагы оңунан чыккан жок. Министрдин мурдагы 1-орун басары тууралуу ички иштер министринин басма сөз борборунун кызматкери Олжобай Казыбаев телефон аркылуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Гезиттерде басылган материалдар боюнча Башкы прокуратурада иш козголуп, ошол жакта тергөө жүрүп жатканы бизге маалым болгон. Турганбаевдин ээлеген кызматынан кетишинин себеби – анын өзүнүн жазган рапорту окурмандарга, угуучуларга белгилүү болгон чыгар, - ”азыркы мезгилде менин үстүмдөн иш козголду, тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөө иштери буткөнчө өз ыктыярым менен жумуштан кетип турайын” деген мааниде арызын жазып кеткен.

Ошентип бул окуяны Мелис Турганбаевдин өзү кандайдыр бир кызыкчылыктар менен атайын уюштурулган дейт. Ал эми Айнагүл Сыргатаева болсо мурдагы милиция чиновнигинен токмок жегенин айтып, укугун коргоону суранууда. Миң сырлуу, түйүнү чечилбеген бул окуя узакка созулчудай.

Жаркын Темирбаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG