Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

ОРУСИЯ: КЫРСЫКТЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда «Боинг-737» учагы жекшембинин түнүндө Пермь шаарынын жанында коноруна аз калганда кыйрап түшкөн. Ичиндеги учак айдоочу 6 экипаж жана 82 жүргүнчү мерт болушкан. Өлгөндөрдүн арасында – Орусия президентинин кеңешчиси генерал-полковник Геннадий Трошев да бар. Ал Түндүк Кавказдагы биргелешкен аскерий топтун буйрук берүүчүсүнүн орун басары болуп кайсы бир жылдары Чеченстан менен Дагенстанда кызмат өтөгөн. Лайнердин кыйрашы боюнча прокуратура коопсуздук эрежесин бузган деген берене астында кылмыш ишин козгоду. 15-сентябрь Пермде аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Уралдык жол тармагын тейлечү прокурор Павел Кукушкин журналисттерге “кырсыкты иликтөөдө адам баласы кетирчү жаңылыштыктан тартып, техниканын бузулушуна чейинки себептер эске алынат” деген.

Пермдеги учактын кыйрашына ондон көп себеп бар, анын бири – лайнердин ичинен орун алган террордук акты деле болушу ыктымал деп билдирди ИТАР-ТАСС агенттигине «Аэрофлот» компаниясынын жетекчиси Валерий Окулов.

Кыйроонун себебин иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын атын атабаган өкүлү РИА новости агенттигине “учак, кантсе да, абада болгон учурда жарылган. Эмне дегенде, жерде учактын каптал, канат же куйруктарынан жарытылуу үзүндүлөр табылган жок” деди. Ошон үчүн кара үкөкчөлөрдү текшерилип чыкмайынча бир ойду кесе айтуу кыйын деген. Ал эми Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта Пермь калаанын үстүнөн кыйраган Боинг-737 учактын сыныктары 4 миң чарчы метрдей жерге чачырап жатканы айтылат.

Ошого карабай, «Аэрофлот» маалымат кызматынын жетекчиси Ирина Даненберг: «алдын ала айтылган божомолдо учактын кыймылдаткычтарынын биринен өрт чыккан», деди.

Террордук акты деген божомол да айтылып, ал учактын бир жүргүнчүсү Чеченстанда орусиялык аскерди мурда жетектеп, Орусиянын Баатыры деген наам алган генерал Трошевдин баратышынан улам чыкканын айтышууда.

Боинг-737 асмандан жарылып түшкөндө ал жердеги Сибирге карай кетүүчү темир жолду бүлдүрүп салган. Жекшемби күнү кечке дейре ал жерди оңдоо жумушу колго алынып, ал тарапка кетүчү поезддер кечки саат 17де гана сапар алышкан.

Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Орусиянын транспорт министри Игорь Левитин айтканга караганда учактын эмнеден кырсыкка учурашы жакында такталат:

- Кара үчкөкчөлөр табылды, аларда эмне жазылганын окуп чыгуу үчүн үкөктөрдү Эл аралык учактык комитетинин адистерине өткөрдүк.

Эл аралык аба менен жол жүрүүдөгү коопсуздук Орусияда коркунучтуу болуп баратканын анализчилер каңкуулашат. Кийинки жылдары бул өлкөдө 33 жолу учактар кырсыкка учураган. Анын кесепетинен 318 киши көз жумган. Бул көрсөткүч 2005-жылга салыштырганда алты эсеге опурталдуу чекке жеткени айтылууда.

Пермдеги учактык кыйродон 21 чет элдик атуул курман болду. Алар: Азербайжан, Украина, АКШ, Түркия, Италия, Швейцария, Германия жана Латвиянын атуулдары болушкан.

Адистердин айтымында, бул тармакты өкмөттүн көзөмөлгө алуусу абдан начар. Ошондой эле учкучтарды даярдоо көңүлгө алынбай келет. Андан сырткары Орусиянын жүргүнчүлөрдү ташуучу учактары эбак эскирип болгонун айтышат.

XS
SM
MD
LG