Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

14:28 Коомдук парламенттин жыйыны башталды


Коомдук парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки бул жыйыны маркум улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовду бир мүнөткө эскерүү менен башталды. Учурда “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча баяндама жасоодо. Бүгүнкү жыйында өлкөдөгү сөз эркиндигине жана адам укуктарына байланышкан жагдай, оппозициялык күчтөр сунуштап жаткан Кыргызстандын өнүгүү концепциясы талкууга алынаары, күз айларына белгиленип жаткан элдик курултайга даярдык көрүү маселелери караалары кабарланган. Коомдук парламент быйыл жыл башында “Акыйкат үчүн” кыймылынын демилгеси менен түзүлүп, анын курамына бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, саясий ишмерлер кирген. Буга чейин коомдук парламент эки отурумун өткөргөн.(SM)

XS
SM
MD
LG