Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, шаршемби күнү өткөн шайлоодо Ливни айым 47 пайыз добушка ээ болду. Анын негизги атаандашы, мурдагы Коргоо министри Шаул Мофаз добуштардын 37 пайызына ээ болгон. Шайлоого “Кадима” партиясынын мүчөлөрү катышты. Белгилүү болгондой, Израилдин азыркы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт коррупцияга тийешеси бар деп айыпталып, кызматынан кетип жатат.
Израилдин ТИМи Ц. Ливни айым бийликтеги “Кадима” партиясынын лидерлиги үчүн шайлоодо алдыга озуп чыкты