Бүгүн АКШнын президенттигине талапкерлер Барак Обама менен Жон Маккейни шашылыш билдирүү жасашты. Алар 700 миллиард долларлык финансылык куткаруу планын калыбына келтирүүгө чакырык ташташты. Эки талапкер президент Жорж Буштун бул маселе боюнча айтканын колошуп, эгерде Конгресс колдоого албаса жөнөкөй америкалыктар жабыр тартышарын белгилешти. Кечээ Буш америкалык мыйзам чыгаруучулар финансылык куткаруу планы боюнча ишти улантарын билдирип, Конгресстин төмөнкү палатасын каржы тармагында чечкиндүү чара көрүүгө чакырган. Ошондой эле ал президенттикке талапкерлер Барак Обама жана Маккейн менен бул маселе боюнча кеңешкен.