Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

А. АБДРАСУЛОВА: КАБИЛОВАНЫН СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТИШИ БҮТ ӨЛКӨНҮ УДУРГУТУП КОЙДУ


Өткөн жума күндөн бери БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага байланышкан жаңжалдын аягы сууй элек. Баш прокуратура козгогон кылмыш ишинин негизинде кечээ президенттин уулу Максим Бакиевди суракка алды. Эми алдыда президенттик администрация башчысы, оппозиция өкүлдөрү суракка алынары күтүлүүдө. Бул окуянын айланасында “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна “Кылым” шамы укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова жооп берди.

- Кабилованын айланасындагы жаңжал коомдук-саясий чөйрөдө ар башка көз караштарды жаратууда. Сиз жарандык лидер, укук коргоочу катары бул маселеге кандай карап жатасыз?

-
Жакшы иш болгон жок. Өлкөдөн бийлик өкүлдөрү качса... мына мурдагы президентибиз качып кетти, эми БШКнын төрагасы качса, Кыргызстандын эл аралык деңгээлине, кадыр-баркына жакшы таасир калтырбайт.

- Сиз кандай дейсиз, ушул Кабилованын кетишинен улам көз карандысыз ишмерлер, сиз кызматташып жүргөн айрым укук коргоочулар парламенттик шайлоо тыянагын кайра кароо керек деген демилгени көтөрүп жатышат. Бул канчалык ишке ашчу демилге?

-
Бул парламенттик шайлоонун жыйынтыгын сурап сотко чейин бардык го жарандык коомдун өкүлдөрү. Жыйынтыгынын жарыяланбаганы, жыйынтыгын алалбаганыбыз парламенттик шайлоонун жыйынтыгы туура эмес, бурмаланган деген ойду кайра бекемдеп атпайбы. Анан эми бүгүнкү күндө Клара Кабилованын өткөндөгү кайрылуусунан кийин парламенттик шайлоо жөнүндө кандайдыр бир маалымат берет деген ойдон мен өзүм алысмын. Ал парламенттик шайлоо, же референдум бурмаланган деген маалыматты бере албаса керек деп ойлоп атам. Себеби андай маалымат берсе анда түздөн-түз Клара айым өзү жооп берет, ошонун өзүнүн колу менен бурмаланган болуп калып атпайбы. Кантип айта алат. Мен ошого таңкалып атам. Ошон үчүн мен андай билдирүү жасай албайт го деген ойдомун.

- Сиз билген жарандык лидерлердин бири, азыр «Бирдиктүү Кыргызстан» кыймылынын мүчөсү Токтайым Үмөталиева кечээ билдирүү жасап, анда Кабилованын билдирүүсү сыяктуу билдирүүлөрдүн артында чоң каржылык колдоо болушу ыктымал деп айтты. Кабилованын артында кандайдыр бир саясий күч болушу мүмкүнбү?

-
Мен Токтайымдан айырмаланып колумда андай так факты жок болгондон кийин андай билдирүүлөрдөн алысмын. Баш прокуратура өз көзөмөлүнө алып азыр териштирип жатпайбы бул ишти. Менин айтайын дегеним, Клара айым Москвада отурабы, же башка бир чет мамлекетте болобу, кайсы жерде болсо дагы биздин укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү менен жолугушуп, жалгыз корксо бирөөлөрдү жанына алып, өзү эмне билет, кандай коркутуу-үркүтүү болгон, эмнелерди айта алат, ушул суроолорго жооп бериш керек. Жөн гана мамлекеттен сыртка чыгып кеткени менен бүт өлкөнү удургутуп койду. Клара айымга кайрылгым келет, Москвада деп угуп атабыз, ошол жерде деле тергөөчү менен жолугушуп, өзүнүн билдирүүлөрүн кагаз жүзүндө түшүндүрүп айтып берсе бизге да жакшы болмок.

- Кечээ башкы прокуратура президенттин уулу Максим Бакиевди суракка алды, сиз да таанышсаңыз керек, маалымат каражаттары аркылуу. Максим Бакиев канчалык чынчыл билдирүү жасады деп ойлойсуз?

Бүгүнкү күндө Максим Бакиев чакырганда келип, суракка жооп берип атат. Кандай айтканда да ал расмий түрдө жооп берип атат. Эми биз анын чынын айтып атат, же жалган айтып атат деп айта албайбыз. Анткени колубузда эч бир далил жок, Клара айымдын кайрылуусунан башка, видео жазуудан башка эч нерсе жок болуп атпайбы. Максим Бакиевдин коркутуп-үркүтүүсүн кимдир бирөө жанында туруп уктубу, күбөсү барбы, кандайдыр бир диктофондук жазуу барбы, эмне бар, азыр биз ошол жагын баамдап карап туруп атабыз. Эмне себептен Клара айым Кыргызстанда болгондо жок дегенде укук коргоочуларга кайрылган жок. Бул түздөн-түз анын укугун бузгандык болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG