Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

НАРЫНДА ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИН АРЫЗЫ ТЕРИШТИРИЛДИ


Нарын районундагы Жан-Булак айылында 5-октябрь күнү шайлоо эртен менен райондук округдук шайлоо комиссиясынын төрагасынын катышуусунда ачылды. Ал эми мурунку күнү бир катар талапкерлер округдук комиссияга бюллетендин так саны айтылган жок деп арыз жолдошкон жана жергиликтүү бийликтин үстөмдүк кылганына нааразы болгон. Мындай кинеге болсо айыл өкмөт башчысы макул эмес.

Нарын районундагы Жан-Булак айылынын тургуну Алтынбек Ташболотов айылдык кенештин депутаттыгына талапкерленгендердин бири.

Ал бир катар талапкерлер менен бирге 4-октябрь күнү участкалык комиссияга канча бюллетень келгендигине кызыгып, бирок жооп ала алган эмес.

Натыйжада райондук округдук шайлоо комиссиясына арыз жолдошкон.

- Мен Жан-Булак айылынын кеңешине талапкер Алтынбек Таштолотовмун. Канча бюллетень келди деп сураганда бизге эч кандай комиссия мүчөлөрү санын айтпай койду жана ошол эле мезгилде райондук окружкомго кайрылуу менен талапкерлердин атынан кайрылып, бүгүн эртең менен саат беште окружкомдан комиссия келип, анын негизинде кайрадан бюллетень саналып, азыр шайлоо ачылды.

Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошбек Осмоналиев жергиликтүү бийлик уюштуруу жумуштар менен гана алектенгендигин билдирет.

- Биз айыл өкмөт катары айыл өкмөттүн аппаратын шайлоо участкасын камдап бердик. Шайлоо участкасында кандай кемчилик болсо бүт четтетип, даярдап бердик. Уюштуруу гана иштерине жардам бердик. Керек болсо мен шайлоого да бара да элекмин.

Бирок талапкер Алтынбек Ташболотов айыл өкмөт шайлоо жараянына тикеден тике кийлигишүүдө деген маанайда.

- Өкмөт түздөн-түз кийлигишип жатат. Шайлоого ар кандай үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Баракчаларды тараттыртып жатат. Бул жерде өкмөттүн өзүнүн койгон командасы болуп жатат.

Мындай пикирге болсо айыл өкмөт башчысы макул эмес.

- Менин жердигимен айыл өкмөт болуп шайлаганга алты талапкер шайланганбыз. Ошол көрсөтүлгөн алтоонун ичинен мен 2005-жылы айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланып калгам. Мени ошондогу оппоненттерим бүгүнкү күнгө чейин арыздарын да калтырбай келе жатат арыз да жазып келе жатат. Ошолордун эле чыгарган иши,- деди айыл өкмөт башчысы Жолдошбек Осмоналиев.

Нарын райондук округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Курманбек Төлөгөнов Жан-Булак айылында шайлоо үзгүлтүккө учурабагандыгын жана берилген бюллетендер так чыккандыгын мындайча билдирди.

- Бүгүн эртең менен барып бюллетендерди карап, арыз жазгандардын көзүнчө санап, бүт бардыгын текшердик. Эч кандай оңдоолор, бузуулар болгон эмес. Эртең менен саат сегизде шайлоо участкасы ачылып, шайлоо башталды. Биз берген 1205 бюллетень кайра санаганда ушул эле санда туура, так чыкты,- дейт Курманбек Төлөгөнов.

XS
SM
MD
LG