Бир катар байкоочулар Буштун администрациясы, калыбы, “Евразияны жана Каспий аймагын колдон чыгарганы үчүн” кийин айыпка жыгылганды каалабайт көрүнөт дешет. Эмнеси болсо да алар өткөн айда Грузияга, Украинага жана Азербайжанга вице-президент Дик Чейнинин келип кеткенин, анын соңунан мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын Индиядан келатып Казакстанга бир күнгө капыл-тапыл кайрылып өткөнүн ушуга жорушту.
Россиялык эксперт Аркадий Дубнов, мисалы, Райстын визитин АКШнын бийликтен кетип жаткан администрациясы үчүн Кавказдагы оңунан чыкпаган саясатынын кенемтесин толтуруп калуу аракети катары баалады. Дубнов, атап айтканда, Вашингтон баарыдан мурда Казакстанга – Россиянын региондогу эң жакын дебегенде да негизги союздашына таасир эте аларын көрсөткүсү келди деп эсептейт.
Москвалык саясий баяндамачылардын дагы бири Ирина Царегородова Вашингтондун аракеттерине карабастан Астана Москвадан алыстап кете албасын, баары бир ага ыкыласын саларын белгиледи. Царегородованын айтымында, Вашингтон Ортоазияда да Ирактагы, Ливандагы, Ооганстандагы жана Пакистандагы стратегиясын кайталоону каалайт, бирок борборазиялык элита мындай ыкыбалга эгерим макул болбойт.
Мындан тышкары Райстын Астанада болушун КМШнын Бишкектеги саммитине байланыштыра караган да пикирлер айтылууда. Бул жыйында Грузиянын КМШдан чыгышы, дегеле Кавказдагы кырдаал жабык мүнөздө талкууланат. Анда Астананын позициясы өтүмдүү угуларын сезип, Райс казактардын баш терисин өз көзү менен дагы бир ирет байкап көрүүнү чечкен да болушу мүмкүн. Андай болсо Астанада ал Казакстан баштагыдай эле көп векторлуу саясатын сактап каларына, өзүн эч кимдин – не Россиянын, не АКШнын таасириндеги “тактеке” өлкө деп эсептебей турганына ишендирген сөздөрдү укту.
Алматылык эксперт Айдос Сарым болсо Казакстан 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кыларын эске салып, Кошмо Штаттары өзүнүн кызыкчылыгындагы бир катар проблемаларды, алардын ичинде Кавказга байланышкан маселелерди Казакстандын колу менен чечип алганга аракет кылышы мүмкүн деп болгоолоду.
Ошол эле учурда Райстын Астанадагы визитинен өзгөчө деле бир жашыруун-жабык маани издебеген байкоочулар да бар. Алар мамлекеттик катчы кандайдыр бир тыкыр проблемаларды чечкени келбегенин айтышып, болгону Казакстан АКШ үчүн региондогу негизги инвестициялык борборго айланып баратканын, Райс ушул чөйрөдөгү алака-мамилелерге дем бергени келгенин белгилешти. Казакстан болсо өз кезегинде Москва менен Вашингтондун мамилесине кийлигишкенге ниети жоктугун, мындай озуйпа ага оордук кыларын, ошондуктан натыйжалуу прагматизм жолунда кала берерин көрсөттү.