Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

ТАЛАСТА ШАЙЛООНУН ШАЙТАН ОЮНДАРЫ АШКЕРЕ БОЛУП ЖАТАТ


Таласта жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого нааразычылыктар бүгүнкү күнгө чейин айтылып келүүдө. Кара-Буура районунан жергиликтүү кеңешке талапкерлигин коюп, өтпөй калган атуулдар 15-октябрда “Азаттыкка” кайрылышып, шайлоо учурунда мыйзамды бузган бийлик өкүлдөрү сот алдында жоопко тартылыш керек деп талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоого киришпегенин айтышып, баары мыйзамдын негизинде өткөн дешет.

Кара-Буура районунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Максымбек Момбеков Бейшеке айылындагы чатак тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрүп, шайлоодон кийин өз учурунда арызданган атуулдар болбогонун ырастайт:

- Сатканкул бул жерге келип мага жолугуп кеткен, мен ага түшүндүрүп айткам. Ушул убакта ишенимдүү адамдарын, байкоочуларын участкаларга койгон, участкалык шайлоо комиссиясы менен эч ким келген эмес, эртеси күнү да эч ким кайрылган эмес бизге. Мен БШКдан 7 нен 9 на чейин шайлоонун жыйынтыктарын тапшырып, БШКнын заседаниесине катышып, онунда түнү участкага келгенде ушундай окуя болгон.

Кара-Буура районунан райондук кеңешке талапкерлигин коюп бийликтин бут тосуусу менен өтпөй калдым деген Бектурсун Жандаралиев айрым жерлерде шайлоочуларга шайлоо баракчалары добуш белгилери коюлуп берилген фактылар кездешкенин айтууда:

- Курд улутундагы он чакты жигиттер келип айтышты, 2-3 жерге птичка коюп берип атат бюллетенди, ушул туурабы деп. Мен барып төрайымга айттым, ушундай болуп атыптыр деп. Бюллетендер бузулуп калыш керек болчу да, бузулгандар кийин жок болуп атат.

Ушундай эле бийликтин шайлоого кийлигишүүсү тууралуу арыздануулар аталган райондон башка округдардан да айтылып жатты. Кара-Буура райондук администрациянын башчысы Сартбек Эшалиев бул жөн гана жыгылган күрөшкө тойбойт деген эле кеп дейт.

Кара-Буура райондук кеңешке жалпысынан 30 талапкер өтүп, мандаттарын алышты. Райондук кеңештин төрагалыгына депутаттар 4 талапкердин ичинен 19 добуш менен Чолпон Төрөкуловду шайлап алышты. Кара-Буура райондук администрацияда болгон депутаттардын алгачкы сессиясын Ыдырыс пайгамбардын сөзүн кошуп депутаттарга калоо тилек менен облустун губернаторунун орунбасары Касым Чаргынов жыйынтыктады:

- Кандай жол менен болсо дагы депутат болуп шайланып келип, мандатка ээ болгонуңуздар менен куттуктайм. Ыдырыс пайгамбардын сөзү бар “так талашпа, бак талаш, талашсаң багын элиңдин теңирдин сага даяр арналган тагы даяр” дегендей, мандат деген деле бул так, - деген каалоосун Касым Чаргынов депутаттарга арнап айтты.

XS
SM
MD
LG