Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Уруу башчылары талиптер менен сүйлөшмөй болушту


Исламабадда Ооганстандагы жана Пакистандагы уруу башчыларынын эки күндүк “кичи курултайы” аяктады. Жыйынга катышкандар талиптерди сүйлөшүү процессине тартууну чечишти.

“Кичи курултай” талиптер менен тил табышуу үчүн абройлуу уруу башчылардан атайын топ түзөт. Ага эки өлкөнүн ар биринен ондон киши кирет. Делегацияга “Талибан” кыймылынын жетекчилери менен байланышканга, андан соң алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө мандат берилет. Ушул эле делегацияга Пакистандын Ооганстанга чектеш тоолуу райондорундагы куралдуу топторду да уруштарды токтотууга көндүрүү озуйпасы тапшырылат.

Арачылардын тобуна киргендердин жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында алардын аты-жөнү аталбайт, жабык-жашыруун бойдон калат. Болгону делегацияны ооган тараптан өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла, ал эми Пакистан жактан Түндүк-Батыш чекара провинциясынын губернатору Овайс Ахмед Гани жетектей турганы анык болду. Муну кечээ Исламабаддагы маалымат жыйынында губернатор Гани бышыктап, Абдулла экөөнө “жыргагайдын – “кичи курултайдын” мүчөлөрүнөн комитет курап, алардын арасынан байланыш тобун түзүү милдети табышталганын” билдирди. Комитет куралдуу топтордун, ошондой эле “оппозиция” аталып жүргөндөрдүн таасирдүү өкүлдөрү менен тынчтык жана жарашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө аракет кылат.

Доктор Абдулла губернатордун сөзүн толуктап, комитет бардык эле куралдуу топтор менен эмес, алардын арасынан эки өлкөнүн конституциясын тааныганга макул болгондор, ошондой эле өңчөй Ооганстан менен Пакистандын өзүнөн чыккан козголоңчулар менен гана сүйлөшө тургандыгын бөлүп көрсөттү. “Терроризм коркунучу глобалдык проблема болуп калды, - деп айтты ал. – Тилекке каршы, эки өлкө, эки эл тең анын өлчөөсүз запкысын тартты, акыркы бир нече жылда анын азары өзгөчө жаман болду. Андыктан эки өлкө үчүн тең террорго каршы биргелешип күрөшкөндөн башка жол жок, бул жагынан эл аралык коомчулуктун да көмөгү керек болот”.

“Кичи курултайдын” кечээги чечими талиптердин да жакшы ыкыласына арзый турганына айрым жышаандар бар сыяктанат. Бери эле дегенде Түштүк Вазирстандан Пакистан парламентинин жогорку палатасына сенаторлукка шайланган Салих Шах “Талибан” кыймылын ырасмий бийликтер террорчулар уюму деп атаганы үчүн анын өкүлдөрү курултайларга катышпай жүргөнүн айтып, бирок алар биринчи күндөн тартып эле сүйлөшүүлөргө чакырып келгенин белгиледи.

Исламабаддагы “кичи курултайдын” чечимдери жана сунуштары кандай аткарылып жатканын текшерүү үчүн жакынкы аралыкта Кабулда уруу башчылары менен коомдук ишмерлердин дагы бир жыйыны өткөрүлөт.

Буга катарлаш Вашингтон да талиптердин айрым бир өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө ниеттене баштаганын Wall Street Journal кабарлады. Бул идеяга, атап айтканда, АКШнын Ооганстан менен Пакистандагы саясаты үчүн жооптуу кызматка дайындалганы жаткан генерал Дэвид Петреус каршы эмес.

XS
SM
MD
LG