Алгачкылардан болуп 1948-жылдан берки салт боюнча Нью-Хемпшир штатындагы Диксвилл Нотч деген шаарчанын тургундары добуш беришти. Жыйынтыгында Обама 15, Маккейн 6 добушка ээ болду. 2004-жылы бул шаардын добуш берүүчүлөрү президент Бушка артыкчылык беришкен. Өнөктүктүу жеңүү үчүн талапкерлер шайлоочулар коллегиясынын эң аз дегенде 270 добушун алышы керек. Эрте шайлоо уруксат берилген 30 штатта 29 миллиондой киши буга чейин добуш берүүгө үлгүрдү. Ушу тапта өлкөнүн чыгышындагы бир катар штаттарда шайлоо жүрүүдө. Акыркылардан болуп Аляскадагы добушканалар ачылат. Шайлоочулар ошондой эле Конгресс мүчөлөрү үчүн да добуш беришүүдө. Сурамжылоолорго ылайык, демократтар эки палатада тең көпчүлүккө ээ болушу ыктымал.