Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Улуттук Коопсуздук концепциясы Коопсуздук Кеңешине сунушталат


Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров жетектеген Концепцияны иштеп чыгуу комиссиясы ушундай чечим кабыл алды. Комиссия кечээ отурум өткөрүп, аталган долбоорду талкуулап, жактырды. Анда Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларга, анын ичинде эл аралык терроризм, регионалдык экстремизм, баңги ташуу, көзөмөлгө алынбай калган миграция, курчуп кеткен суу-энергетика проблемалары, коррупция жана көмүскө экономика коркунучтарына туруштук берүүнүн конкреттүү чаралары камтылган. Мадумаровдун айтымында, концепция колдоого алынса, аны ишке ашырууга бардык мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тартылат. (BuS)

XS
SM
MD
LG