Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

Астрономияга кызыккан жаштардын шарты чектелүү


Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Галина Куликова “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Г. Куликова өлкөдөгү жападан жалгыз планетарийдин иштебей калышы менен астрономия илимине кызыга баштаган өспүрүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрү чектелип жатканын айтты. Жакында атайын парламенттик угуу уюштурулуп, анда так илимдер, анын ичинде астрономия жана физика сабактарынын окутулушу тууралуу сөз болоорун кошумчалады. Бишкектеги өлкө боюнча жалгыз планетарий жабылып калып, түнкү клубка айланган. Учурда ал клуб да ишин токтотуп, планетарий жайгашкан имарат таланып бош турат. Бишкекте өткөн жумада Азиялык-тынч океандык окуучулар арасында астрономия илими боюнча олимпиада өткөн болчу. Анда кыргызстандык бир окуучу үчүнчү орунду алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG