Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Багдадда кош жардыруудан 18 адам каза тапты, жыйырмадайы жарадар


Бул тууралуу Ирак полициясынын өкүлдөрү билдиришти. Катуу кайтарылган “Жашыл тилкеге” бараткан жолдо жан кечти аялдын жардыруусу кеминде 5 кишинин өмүрүн алып кетти. Баш калаанын чыгышында болсо Соода министрлигинин кызматкерлери бараткан чакан автобус бомбага кабылып, 11 киши каза болду. Кол салуулар Ирак парламенти АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келшиминин долбоорун карап жаткан учурда орун алды. Макулдашуу америкалык аскерлердин Иракта дагы 3 жылга калышына жол ачат. Улутчулдар чет өлкөлүк контингенттин тезирээк кетүүсүн талап кылышууда. Документ парламентте ушул аптада колго салынат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG