Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Автандил Арабаев: Азыркы баш мыйзамды өзгөртүүгө негиз жок


“Ак жол” партиясынын төрага орун басары Автандил Арабаев бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, оппозициялык күчтөр айтып жаткандай учурдагы конституцияны өзгөртүүгө негиз жок экендиги тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, азыркы конституция өлкөнү мындан ары да өнүктүрүп кетүүгө толук шарт түзөт. “Юридикалык илимдердин доктору, баш мыйзамды жакшы билген адам катары айтып коёюн. Азыр бийликтин каршылаштары айтып жаткандай мамлекеттик түзүлүштү, баш мыйзамды өзгөртүүгө негиз жок. Анткени баш мыйзамыбыз өлкөнү өнүктүрүүгө толук шарт түзөт”,- дейт А.Арабаев. Эскерте кетсек, оппозициялык күчтөр акыркы күндөрү бийликтин бир колго топтолуусуна жол берген башкаруу системасын, баш мыйзамды түп тамырынан өзгөртүү керектигин, ал тургай айрымдары президенттин да бийликтен кетишин талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG