Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:26

Ө.Текебаев:“Ү.Сыдыковдун кызматтан кетиши бийликтеги касташкан эки топтун бири утканы”


“Президенттин командасы бир нече топко бөлүнүп, чабышып жаткан жана Үсөн Сыдыков ошонун курмандыгы болду”- деп билдирди “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, бул президенттин айланасындагы адамдардын ынтымагы жок экендигин жана алар мамлекетти эмес, менчиктештирилип жаткан байлыкты ээлеп калуу жана президентке таасир үчүн күрөшүп жаткандыгынын далили. Президент алардын бир тобун эртеби, кечпи тандаш керек болчу жана бул бир топтун утулгандыгын билдирет. Ал эми Үсөн Сыдыков президенттин жанында азыркы президентти бийликке алып келген адам катары көп маңызды камтыган символ болчу деген Текебаев Бакиевге башка топтун үстөмдүгү күч алды деп баалады. (BD)

XS
SM
MD
LG