Жогорку Кеңештин Өнөр жай, соода, чакан ишкердик, туризм, транспорт, байланыш, курулуш, архитектура комитети эртең “Боинг-737” учагынын кыйрашына байланышкан иликтөөнүн жыйынтыктарын талкуулайт. Маселени комитетке депутаттар Улукбек Ормонов менен Бегаалы Наргозуев даярдашкан. Комитетке иликтөө боюнча Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов маалымат берет.
“Боинг-737” учагы быйыл 24-августта “Манас” аба майданынан көтөрүлүп баратканда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын жанына кулап, анда 66 киши мерт болгон. Жогорку Кеңештин маалыматына караганда, кырсыкка кабылган “Боинг-737” учагын “Итек Эйр” авиакомпаниясы Ирандын “Ассеман Эйр” авиакомпаниясынан ижарага алып, иштетип келген. (BuS)