Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Вашингтон Грузияны ара жолдо калтырбайт


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили

Грузия жана Кошмо Штаттар арасындагы стратегиялык кызматташуунун келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. АКШнын Мамдепартаментинин маалымдашынча, хартияда Грузияга коопсуздугун бекемдөө, саясый-экономикалык реформаларды жүргүзүү, ошондой эле евро-атлантикалык уюмдарга өтүүсүнө жардамдашуу боюнча иш-чаралар аныкталат. Өткөн жумада эле АКШ-Украина ортосундагы стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюлган.

АКШ жана Грузия талкуулап жаткан келишим эки өлкө арасындагы стратегиялык кызматташууну тереңдетүүгө жана Грузиянын евро-атлантикалык уюмдарга кошулуусуна жардамдашууга багытталган. Мамлекеттик департамент 23-декабрда билдиришинче, хартия - Грузиянын коопсуздугун бекемдөө, саясый-экономикалык реформаны жүргүзүүгө көмөктөшүү чараларын да аныктайт.

Президент Саакашвили 22-декабрдагы сөзүндө АКШ-Грузия аралык хартиянын Грузия үчүн маанисин мындай түшүндүрдү:

- Америка буга чейин эч бир билдирүүдө же келишимде Грузияны стратегиялык союздаш деп атабады эле. Эми өз ара мамиледе «стратегиялык» деген сөз пайда болсо, ал Грузияга каршы баскынчылкка айкын жооп болот. Бул Грузияны кыйратуу жана бөлүү аракетине берилген даана жооп болмокчу.

Августа грузин аскерлери Тбилисинин амирин тааныбаган Түштүк Осетияны кайра ээлемек болгондо, Россия Грузияга басып кирген. Кийинчерээк орус аскерлери Түштүк Осетия менен Абхазияга чегинди жана Россия жикчил бул эки аймактын күнкорсуздугун тааныды.

Грузиянын «Рустави-2» телеканалы АКШ-Грузиялык келишимге жыл соңунда кол коюларын кабарлады. Бул келишим, Мамдепартаменттин билдиришинче, мазмуну жагынан 19-декабрда АКШ жана Украина кол койгон Стратегиялык кызматташуунун хартиясына окшош болот. Хартияга ылайык, Украина НАТОго өтүүсү үчүн Пентагон украин куралдуу күчтөрүн каруу жарак менен жабдыйт жана машыктырат.

АКШ мындай келишимдерди 1998-жылы Эстония, Латвия, Литва менен түзгөн. АКШ-Балтия хартиясы постсоветтик үч өлкөнүн 2004-жылы НАТОго өтүүсүнө олуттуу салым кошкон.

Азыр сүйлөшүлүп жаткан АКШ-Грузия келишим да АКШ-Балтия хартиясындай мааниге ээ, дейт «Азаттык» радиосуна берген интервьюда Грузия парламентинин Евроинтеграция комитетинин башчысы Давид Дачиашвили:

- Бул келишим Грузия-Америка мамилелерин дагы бекемдейт жана стратегиялык кызматташунун өзөгү болот. Өз кезегинде өлкөнүн НАТОго кошулуу жараянын кубаттандырат.

НАТО жакында гана Украина жана Грузия менен кызматташууну дагы жакшыртарын ырастады. Бирок эки өлкөнү уюмга ырасмий өтүүгө жол ачкан Мүчөлүккө кошулуу планына кабыл албады.

XS
SM
MD
LG