Тиешелүү жарлыкка президент Курманбек Бакиев 31-декабрда кол койгонун “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн билдирди. Анын айтымында, эми аппарат кызматкерлеринин айлык акысы министрликтерде иштеген кызматкерлердин айлыгынан бир кыйла жогору болуп, Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин айлыгына теңелди. Омбудсмен аппаратынын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу сунушубузду биз президент К.Бакиевге 3-4 ай мурун бергенбиз. Бул убакыт аралыгында тиешелүү органдарга документтерди чогултуп, сунушубузду негиздедик. 31-декабрда мамлекет башчы бизге белек катары тиешелүү жарлыкка кол койду”, дейт Т.Акун. Эми жыл башынан тартып Омбудсмендин айлыгы Жогорку Кеңештин төрагасынын айлыгына барабар болду. Ал эми бөлүм башчылардын,эксперттердин эмгек маянасы 3-4 миңге көбөйдү. (MSu)