Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Орусия – Украина чатагынан улам Европага газ келбей калды


Еврокомиссия өкүлүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Орусиянын Украина аркылуу келүүчү газын Европа өлкөлөрүнүн дээрлик баары албай калды. Еврошаркет мындай кырдалдын түзүлүшүн "жол берилгис" деп атады жана талашкан эки тарапты: Орусия менен Украинаны чатагын тезинен жөнгө салууга чакырды.

Украин өкмөтүнүн билдиргенине караганда, премьер- министр Юлия Тимошенко Орусия газынын Украинага карай агымына байкоо салуу үчүн Еврошаркеттин техникалык миссиясы келүүсүнө макулдук берген.

Кризис Орусия Украина менен баа жана карыз маселеси боюнча мунаса таба албаган соң 1-январдан тарта көгүлтүр отту берүүнү токтоткондон кийин тутанды.

Орусия азыр Украинанын Европага багытталган газды уурдап жатканы жана транзиттик куураларды жапканы үчүн айыптоодо. Украина болсо мындай айыптоолорду четке кагып, газ берүүнү Орусия өзү токтотконун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG