Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Т.Акун: Президент куралдуу күчтөр тууралуу мыйзамга кол койбошу керек


Акыйкатчы Турсунбек Акун президентти куралдуу күчтөргө байланыштуу мыйзамга кол койбоого чакырды. Ушундай билдирүү менен чыккан Акыйкатчы, Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” аттуу мыйзамда өлкөнүн баш мыйзамына карама-каршы келген жерлер бар экенин айтат. Акыйкатчынын айтымында, бул мыйзам долбоорго ылайык куралдуу күчтөрдү өлкөдөгү массалык баш аламандыктарды жоюуга карата пайдалануу мүмкүн болуп калат, ошентип баш мыйзамда көрсөтүлгөн “куралдуу күчтөрдү өлкөнүн ички саясий маселелерин чечүүгө тыюу салынган” бернеси бузулууда. Турсунбек Акун бул мыйзам долбоору демократияга коркунуч келтирип, элдин нааразычылыгын жаратарын айтып, президентти ага кол койбоого чакырат. (IJz)

XS
SM
MD
LG