Орусиянын премьер- министри Европага газ берүүнүн калыбына келиши үчүн көбүрөөк кысымды Украинага көргөзүү зарылдыгын бүгүн Москвада Словакия, Болгария, Молдованын өкмөт башчылары менен жолугуу учурунда айтты. Бул үчөө газ кризисинде Европадан эң көп жабыр тарткан өлкөлөр.
Мунун алдында Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо ишкер өнөктөш катары Орусия да, Украинада ишенимден кетип жатканын белгилөө менен Европаны газ менен камсыздоо тезинен калыбына келбесе, эки өлкөнүн энергетикалык компанияларына карата укуктук чара көрүлөрүн эскерткен эле.
Орусия Украина менен карыз жана баа боюнча талашынын аркасында 7- январда Европага газ берүүнү токтоткондон бери 18 өлкө көгүлттүр оттун олуттуу тартыштыгын сезип жатат.
Москва менен Киев Чыгыш жана Түштүк Европанын жз миңдеген тургундарын жылуулуксуз, ал эми ишканаларды өндүршүн токтотууга же кыскартууга мажбурлаган кырдаалдын түзүлүшү үчүн бири-бирин айыптоодо.
Украинанын премьер- министри Юлия Тимошенко бүгүн газ чатагы боюнча орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугууга даяр экенин билдирди.