Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Казакстандык "салафилер" Чехиядан депортациялануу коркунучунда


Казакстандык качкындар жашаган жатакана, Брно, 2009-ж.
Казакстандык качкындар жашаган жатакана, Брно, 2009-ж.

Өткөн ишемби күнү Чехиянын баш калаасы Праганын борбордук Вацлав аянтында казакстандык качкындар тобу нааразылык акциясын өткөрдү. Чех бийликтери тарабынан уруксат берилген бул жыйында алар өздөрүнүн аталган өлкөдөн күч депортациялануусуна каршы экендиктерин билдиришти.

Казакстандык качкындардын тобу Чехиядан азырынча чыгарыла элек. Бирок өлкөнүн миграция кызматы менен чет элдиктерди тейлеген полициясынын чечимдери эки баскычтагы сотто колдоо тапкан соң казакстандык качкындар, алардын ырастоосунда, Чехиядан күч менен чыгарылуу коркунучу алдында турат, мекенинде болсо түрмө жана кыйноо күтүүдө.

Андыктан өзүлөрүнүн тагдырына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында алар Праганын борбордук аянтында демонстрация өткөрүүнү чечишкен. Шаар бийликтери тарабынан уруксат берилип, эки саатка созулган нааразылык акциясына казакстандык элүүдөй качкын катышты.

Алар талаптарын чех, англис орус жана казак тилдеринде окушту.

Качкындардын лагери, Вышни Лхоты кыштагы

"Биз Евробиримдикти Чехиянын соттору тарабынан адилетсиз каралган биздин ишке кийлигишүүгө, Чехиянын ички иштер министрлигинин мыйзамсыз аракеттерин, биздин жамааттын мүчөлөрүнүн депортациялануусун токтотууга чакырабыз. Чехиянын Ички иштер министрлиги жөнсүз себептерди келтирүүдө жана алардын негизинде терс чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин иш менен байланышкан аргументтерди обьективдүү жана адилет кароого чакырабыз. Бизден "коомго коркунуч жана душман" деген жарлыкты алгыла",- деп айтылат казакстандык качкындардын билдирүүсүндө.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясынын иликтөөлөрү көрсөткөндөй, Батыш Казакстандан жана Алматыдан ондогон үй-бүлөлөрдүн башпаанек сурап Чехияга келип калуусу 2006-жылга барып такалат. Алардын биринчи толкуну же 25тей киши Чехиядан саясий башпаанек алган. Бирок 205 адамга жана алардын балдарына карата Чехиядан чыгып кетүүсүн талап кылган чечим чыгарылган. Чехиянын чет элдиктерди тейлеген полициясынын мындай чечимин эки инстанциядагы сот колдогон. Башкача айтканда артта калган үч жылдын аралыгында алардын саясий башпаанек алуу жөнүндөгү бир нече өтүнүчтөрү четке кагылган.

Чехиядан башпаанек сураган казакстандыктар кимдер?

Алар өзүлөрүн "Таза дин" жамаатынын жолун жолдоочуларбыз деп эсептешет. Куранды жана намазды расмий мечитте эмес, өз үйүндө окууга артыкчылык беришет. Казак бийликтери болсо аларды исламдын салафи агымынын жолун жолдоочулар катары карашат.

Прагадагы демонстрацияга келген качкындардын бири "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде чех бийликтери да аларды жаңылыш кабылдап жатканын белгиледи:

- Алар бизди эмне үчүн депортациялагысы келип жатат. Бизди "Хизб-ут-Тахрир" саясий партиясына кошууда. Биздин кандайдыр бир саясий партияга тиешебиз жок. Биз саясий партия эмеспиз, жөн эле ислам тобубуз. "Хизб-ут-Тахрир" Түштүк Казакстанда бар жана ага тыюу салынган. Биздин 80 пайызыбыз Батыш Казакстандан чыккандарбыз жана ал жакта "Хизб-ут-Тахрир" жок.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Салафи кыймылына өткөн айда эле Тажикстан расмий тыюу салды. Соттун чечимине ылайык, Салафи кыймылы экcтремисттик делген диний топтордун тизмесине киргизилди. Ал салафилерге казак бийликтеринин мамилеси кандай. Казакстандын адам укуктары боюнча эл аралык бюросунун башчысы Евгений Жовтис мындай дейт:

- Алар (салафилер) тыюу салынгандардын арасында эмес. Бирок Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын багытына баш ийбейт. Бийлик аларды көзөмөлдөөгө аракеттенүүдө. Мындай көзөмөлдү кантип ишке ашырууга болот? Агентуралык иш менен же коркутуу аркылуу гана.

Казакстандык качкын Марат Бименов

Казакстандагы дин эркиндигинин абалына арналган былтыркы баяндамасында АКШнын Мамлекеттик департаменти салафилер жөнүндө бир гана эскерип, салафи деп шектелген бир топтун террорчулук боюнча айыпталганын белгилеген.

Бирок укук коргоочу активисттер баяндама кырдаалды толук чагылдырбасын белгилешет. Москвалык укук коргоочу Виталий Понамарев Казакстандын батышындагы Мангыстау, Атырау облустарында бир нече ирээт болуп, "Таза дин" жамаатынын мүчөлөрү маектешип, "Казакстан: Мангышлактагы "салафиттер" менен күрөш" деген баяндама даярдаган. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Бир канча жылдан бери кылмыш иштерин ойлоп табуу, коркутуу жүрүүдө. Кайсыл бир баскычта бул жамааттын өкүлдөрү эгер диний ишениминен толук баш тартышпаса, Казакстанда мындан ары калууга болбойт, эмиграцияга кетүү керек деп чечишкен.

Ал эми кыргызстандык теолог Бакыт Мурзуибраимов салафилер кимдер экени тууралуу жакында биз менен болгон маегинде төмөнкүдөй түшүндүрмө берген эле:

- Салафи деген диний агым деле эмес, мунун пикир эле десек болот. Булардын "Хизб-ут-Тахир", Вахаби өңдүү жамааттардан айрымасы бар. Азыркы тушта ушундай адамдар чыккан, алардын пикири боюнча биз исламды орто кылымдагыдай түшүнүүбүз керек. Бул 21-кылымдагы илимдин, техниканын дооруна туура келбейт. Салафи көз карашында адамдын акылына анчалык деле маани бере беришпейт. Мындайча айтканда биз акылга ишенсек, акыл бизди динден, шарияттан чыгарып таштайт. Биз бир гана куран китеп, шарият менен гана чектелишибиз керек деген пикирлер бар. Ал эми бир гана Куран, шарият менен чектелип, акылды иштетпей койсок, мындайча айтканда инсандын жаратылышына каршы келип калат. Кээ бир адамдар динди тар чөйрөдө түшүнүп алышып эле салафи болуш керек экен, салафи деген дин дегендин так өзөгү, тамыры экен дешет.

Казак бийликтери салафилер катары караган качкындар тобунун Чехиядагы тагдыры алардын Прагадагы демонстрациясынан кийин кандай чечилет, азырынча белгисиз. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясы Чехиянын ички иштер министрлигинен казак качкындарынын маселеси боюнча азырынча комментарий ала албады. БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын Прагадагы өкүлчүлүгү да бул иштен кабары жок болгондуктан, комментарий бере албасын билдирди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG