Кошмо Штаттардын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Исламабадда Пакистандын лидерлери, атап айтканда президент Асиф Али Зардари, премьер-министр Юсуф Раза Гилани жана аскерий жетекчилер менен жолукту. Президент Обаманын администрациясы азыр ооган-пакистан чек арасында Талибан менен "ал-Каида" согушкерлерине каршы күрөшүү стратегиясын кайрадан карап жаткан кези.
Ричард Холбрук президент Барак Обама тарабынан өткөн айда атайын өкүлдүн кызматына дайындалгандан бери аймакка биринчи сапарын жасоодо. Анын бул сапардын алкагында Ооганстан менен Индияга да баруусу белгиленген.
АКШ президенти Барак Обама кечээ Ак үйдөгү маалымат жыйыны учурунда "ал-Каидага" Ооганстан менен ооган-пакистан чек арасындагы коопсуз жайларынан жазасыз аракеттенүүсүнө жол берилбесин эскертти.