Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Жогорку Кеңеш базаны чыгаруу маселесин бейшемби күнү карайт


Парламенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Жогорку Кенештин бейшемби күнү боло турган пленардык отурумунун күн тартибине АКШнын Манастагы аскерий базасын чыгаруу маселесин кароо сунушталды. Базаны жайгаштыруу боюнча АКШ менен 2001-жылы жетишилген келишимди денонсациялоо тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев депутаттарга маалымат берет. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитети бүгүнкү жыйынында базаны чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берди. Комитет маселени бейшемби күнү парламент жыйынына алып чыгууну жактады. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети базаны чыгаруу маселесин бүгүн түштөн кийин карайт.(AiT)

XS
SM
MD
LG