Бул тууралуу кечээ Пакистан жана Ооганстандын тышкы иштер министрлери менен чогуу сүйлөшүү өткөргөн соң Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Клинтондун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн максатына ислам экстремисттерине каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу. Ал сүйлөшүүлөрдүн кечээ аяктаган айлампасын " терең жана өтө пайдалуу болду" деп мүнөздөдү. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы болсо, Клинтондун айтымында, апрель айынын соңунда же майдын башында өтчүдөй.
Пакистан тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши, ооган тышкы иштер министри Рингар Дадфар Спанта менен өткөн талкууга АКШдан Мамлекеттик катчыдан тышкары, аймак боюнча атайын өкүл Ричард Холбрук, Борбордук командачылыктын башчысы, генерад Дэвид Петреус катышты.
АКШ ооган –пакистан чөлкөмүндөгү саясатын кайра кароодо. Өткөн аптада президент Обама Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жөнөтүлөрүн жарыялаган. Муну менен Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 55 миңге жетет.