Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

А.Жекшенкуловдун жердештеринин акциясы болбой калды


“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун жердештери анын камалышына жана жалпы эле оппозиция лидерлерин куугунтуктоону токтотуу максатында бүгүн Кочкордо акция өткөрүшмөк. Бирок бул иш-чара болбой калгандыгын Нарын облусунун Туз айылынын тургуну Рахатбек Калыкбердиев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, бүгүн эртең менен Туз айылынан 50 чамалаш киши чогулган. “Бишкектен А.Жекшенкуловдун жактоочуларынын бири Кочкордогу иш-чараны өткөрбөй турууну өтүнүп телефон чалды. Бирок биз акимге нааразылык акция качан, кайда өтсө да бизди туура түшүнүңүз деген кайрылуу жодойбуз. Биздин максат акимчиликтин имаратын тартып алуу эмес. Биз өз үнүбүздү бийликке жеткирүүнү гана максат коюп жатабыз”, - дейт Р.Калыкбердиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG