Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Нарында коомдук уюмдун лидеринин үстүнөн кылмыш иши козголду


Нарын шаардык прокуратурасы Нарын шаарындагы «Тынчтык» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анаркүл Окошеванын үстүнөн кылмыш иш козгоду. Мындай маалыматты Анаркүл Окошева «Азаттыкка» өзү билдирди. «Электр энергиясы үчүн 5 жылдан бери 38 миң сом төлөгөн эмес деген айып коюлууда. А менде бул боюнча тиешелүү документтер бар. Эмне үчүн шаардык электр ишканасынын баш аламан ишмердиги үчүн эл жапа тартышы керек. Экинчиден, 13-мартта Бишкек шаарында бириккен өкмөттүк уюмдардын форуму болуп, мен да катышып келгем. Ошондон кийин эле иш козголуп жатат»,-дейт Анаркүл Окошева. Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев бул маалыматты тастыктап, кылмыш- жаза кодекске ылайык иш козголгондугун, бул жерде эч кандай саясат жоктугун белгилейт. (KUs)

XS
SM
MD
LG