Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

БЭК жыйындары: "Элим-жерим, келечек урпак деп келдим"


Кыргызстан боюнча өткөн оппозиция жыйындарынын эң чоңу Бишкекте болду. Жыйын катышуучуларынын болжолунда ага 2 миңдей адам катышты. Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрү Бишкекте жыйынга 6 – 7 миңдей киши катышканын ырасташса, расмий бийлик өкүлдөрү анын санын эки миңге жакын деп болжолдошууда.

Бишкектеги чоң жыйында 27-мартта бүт республика боюнча өткөн жыйындар өз максатына жеткени айтылды. Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров көпчүлүк катышкан жыйындар республиканын биртоп жерлеринде өтүп ага 200дөн 2 миң 3 миң кишиге чейин катышып, чогулган эл бүгүнкү саясий кырдаалга баа берип, алдыдагы шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүн, оппозицияны куугунтуктоолордун токтотулушун талап кылышканын маалымдады. Башкалаада баш-аягы төрт саатка созулган чоң жыйын катышуучуларынын алдында Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы А.Бекназаров оппозициянын талаптары камтылган кайрылууну окуп берди.

- Биринчи. Президент К.Бакиев шайлоого катышпасын! Шайлоонун ачыктыгын жана тазалыгын, ага элдин ишеничин камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жарымы Бириккен элдик кыймылдын сунушу менен дайындалсын!

Ушундай эле сунушту оппозиция мүчөлөрү күч кызмат жетекчилерин дайындоодо да колдонууну талап кылышууда. Бириккен элдик кыймыл сөз эркиндигин сактоону, улуттук, коомдук телекомпаниялардын байкоочулар кеңешине оппозиция өкүлдөрүн теңме-тең киргизүүнү туура көрүшөт.

Башкалаадагы жыйынга бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Анткен менен жыйындын өтөрүнөн коопсунган бийлик бул күнү “Ала-Тоо” аянтындагы оңдоо-түзөө иштерин улантып, сан жагынан жыйынга катышкандардан кем калбаган атайын кызмат өкүлдөрүн чоң жыйынга жакын “Спартак” стадионунда кармап турушту. Аты-жөнүн атоону эп көрбөгөн эларалык маалымат агенттиктин кабарчысы жыйын өтөргө жакын айыл-айылдан келчү жолдор бекем тосулганын айтты.

- Мүмкүн бүгүн бардыгы башталып жаткандыр. Мен аны билбейм. Ар бир революциянын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Анын үстүнө аба-ырайы да минтип туруп албадыбы. Мындайда көпкө туруш кыйын.

Социализм заманында өзгөчө баркталган пролетар жазуучу Максим Горькийдин эстелигинин жанындагы аянтта болжол менен канча киши чогулганы тууралуу пикирлер аркыл чыкты. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов момундай болжолун ортого салды.

- Адамдардын саны боюнча өтө деле көп эмес деп ойлойм. Беш миң... миңге деле жетпеген адам турат го, дейм. Чындап буларды колдоп келген адамдар 300 – 400 тегерегинде болбосо, калгандары ар жактан бери жактан өткөндөр, ары-бери өткөндөрдүн саны менен көп көрүнүп жатса керек. Андай сан жок, 5000 деген туура эмес.

2005-жылкы 24-марттагы окуялардын активдүү катышуучусу Кубан Бектемиров жыйынга элдин аз келишин көпчүлүктүн бийликтен кеткенден кийин эле анын каршылашына айланып чыга келген оппозициячылардан тажагандыгы менен түшүндүрөт. Оппозициянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Өмүрбек Бабанов ушу тапта өкмөт башчынын биринчи орунбасары.

- Кыйкырып Акүйдүн бетмаңдайынан кетпей турчу эмес беле. Азыр оозуна суу ууртап алгансып жымжырт болуп калды. Ошон үчүн эл деле оппозицияга ишенбей калды.

Таластын Кара-Буурасынан келген 73 жаштагы аксакал Курал Усубалиев элдин, урпактардын тагдырын ойлоп үйүндө тынч жата албагандыгын билдирди.

- Үйдөгүлөр “барба” дейт. “Сабап, уруп коет”, дейт. “Сага эмне зарыл”, дейт. “Айылдагы чалдардын баары жатпайбы жабышып”, дейт. “Эй, атаң, жата берсин жабышып. Мага элим керек, жерим керек. Келечек урпак керек”, деп бул жерге келдим мен.

Бишкектеги жыйын катышуучулары коюлган талаптар аткарылбаса 20-апрелден тарта мөөнөтсүз наарзылык иш-чараларына өтө тургандыгын билдирүү менен таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG