Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

АКШ Грузиянын аскерин калыбына келтирүүгө жардам кылмакчы


АКШ аскер жетекчилиги тараткан маалыматка ылайык, алар Грузиянын куралдуу күчтөрүн кайрадан даярдап чыгууга жана жаңы каруу-жарактарды сатып алууга жакындан жардам кылышмакчы. Бул жаатта иштерди алгалатуу үчүн АКШ генералы Жеймс Картрайт кечээ Грузияга келген. Президент Михаил Саакашвили менен бирге Тбилисиде маалымат жыйын өткөрүп жатып Картрайт - Грузиянын аскер күчтөрү жаңылануусу керектигин, учурда америкалык адистер бул жаатта грузин тарап менен иш алып барып жатышканын билдирди. Өткөн жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн алеки саатта женилүү ызасын тарткандан кийин, Грузия куралдуу күчтөрүн жаңыча жабдууга, кайра даярдоого муктаж экени айтыла баштаган.

XS
SM
MD
LG