Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт үйүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, президент менен өкмөттүк эмес уюмдардын жолугушуусу 5-майда Бишкекте Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болоору белгиленүүдө. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулова президент менен жолугушууга социалдык багытта иштеген гана уюмдардын өкүлдөрү чакырылганын, ага адам укугун багытында иштеген уюмдардын өкүлдөрү катышпасын билдирген. (AiT)