Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши президентке кайрылуу жолдоду


Анда акыркы мезгилде Кыргызстанга чет өлкөлүк журналист жана укук коргоочуларды киргизбей коюу көнүмүш адатка айланып баратканы белгиленип, Кыргызстанга “темир көшөгө” тартылдыбы деген суроону коюшкан. 30-апрелде украиналык медиа-эксперт Евген Глибовицкийди Кыргызстанга киргизбей коюшкан. Ага чейин укук коргоочулар Виталий Пономарев, Ивар Далдын кирүүсүнө тыю салынган. Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши буга чейин болуп көрбөгөн мындай окуяларга түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Белгилүү болгондой оппозиция өкүлдөрү да алардын казакстандык пикирлештерин Кыргызстанга чек арачылар киргизбей койгонун, ошол эле мезгилде президенттин командасында чет өлкөлүк саясий технологдор иштеп жатканын 6-майда билдиришкен.(AiT)

XS
SM
MD
LG