Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Карзай:Талиптердин абактан качуусуна түрмөчүлөр жардамдашкан


Жүздөгөн талиптердин түрмөдөн качуусуна түрмө кызматкерлери көмөктөшкөн сыяктуу. Ооган президенти Хамид Карзай 26-апрелде жасаган билдирүүдө Кандагардагы түрмөдөн 488 адамдын кемер казып качуусу “алар менен түрмө кызматкерлери кызматташып-көмөктөшкөнүн көрсөтөт” деп белгиленет. Алар жекшемби күнү жер астынан казылган бир чакырымдык кемер аркылуу түрмөдөн качып кетишкен. Талиптердин айтышынча, кемерди казганга беш ай кеткен. Шейшемби күнү жерликтүү бийликтер 65 качкындын кармалганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG