Расмий өкүлдөрдүн маалыматына ылайык, атаандаш Фатах жана Хамас уюмдары төрт жылдан бери Батыш Жээк менен Газа Тилкесинде эки бөлөк палестин бийликтерин бир убактылуу өкмөткө бириктирүүнү караган планды кабыл алышты. Хамастын улук өкүлү Махмуд ал-Захар планда шайлоо өктөрүү, убактылуу өкмөт түзүү жана коопсуздук кызматтарын бириктирүү каралгандыгын билдирди. Анын айтымында, Хамас менен Фатах ошондой эле эки тараптан тең туткундарды бошотууга макулдашты. Палестин өкүлдөрүнүн айтымында, келишим Египеттин арачылыгы менен жетишилди.